Мезгил
“Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында айыптарга 50 пайыздык арзандатуу туруктуу болот.
Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалым болгондой, айыпты 15 күндө төлөгөн эреже бузуучуларга анын жарымын жоюп салуу мүмкүнчүлүгү мыйзамда бекитилген.
Андыктан 50 пайыздык жеңилдик айыпты төлөөгө стимул берүү үчүн убактылуу киргизилген деген божомолдор чындыкка дал келбейт.
Эске салсак, айыпты 1 айда төлөсө, анын толук өлчөмү берилет.
Андан дагы мөөнөтүн ашырып жиберсе, туум эсептелет.