Коопсуз шаар. 19 миң жол эрежесин бузуу катталды

Мезгил

«Коопсуз шаар» долбоорун киргизгенден тартып   12-февралдан  3-мартка чейин Бишкек шаарында жана Чүй облусунда 19 миң жол эрежесин бузуу катталган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан  билдиришти.

  «Жол кыймылы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Бузуулар жөнүндө кодекске киргизилген өзгөртүүлөр 2019-жылдын 4-мартынан тартып күчүнө кирди. Ошондой эле айыппулду 15 күн ичинде төлөгөн айдоочуларга айыппулду 50% жеңилдик менен төлөө укугун берүү каралган.

Буга байланыштуу бузуулар тууралуу билдирмелер эреже бузгандыгы катталган айдоочуларга 4-марттан тартып жөнөтүлө баштайт.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *