“Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабын ишке ашырууга 24 миллион доллар керектелет

Мезгил

“Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабын ишке киргизүү үчүн 24 миллион доллар талап кылынат. Бул тууралуу Мамлекеттик байланыш комитетинин башчысынын орун басары Кубаныч Шатемиров билдирди.

  Шатемировдун айтымында сумма алдын ала гана болуп эсептелет. Буга жабдууларды сатып алуу, орнотуу жана коммуникацияларды өткөрүү иштери кирет. Биринчи аукцион сыяктуу эле, сынакты өткөрүүдө сумма азайтылат, — дейт ал. 

Белгилеп кетсек, бийлик экинчи этапты ишке киргизүү менен 5 жыл ичинде бюджетке 20 миллиард сом түшөт деп пландап жатат.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *