Коопсуз шаар: Экинчи этап боюнча 306 камера орнотулат

   Мезгил

“Коопсуз шаар” долбоорунун 2-этабында 306 камера орнотулат. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

   Маалым болгондой,  октябрдан тарта жабдууларды орнотуу республика боюнча жүрөт. Камералар учурда тесттик-сыноо режимден өттү. Статистика боюнча жолдо жүрүү эрежелери көп катталган аймактарга басым жасалат. Орнотуу иштерин кытайлык компания ишке ашырат.

Белгилеп кетсек, аталган долбоордун 1-этабында 110 аппараттык-программалык комплекстер орнотулган. Анын 90у стационардык болсо, 20сы кыймылдуу.

Эске салсак,   “Коопсуз шаар” долбоору былтыр 12-февралдан тарта ишке кирип, протоколдор айдоочуларга 4-марттан тарта келе баштаган.

Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *