Мезгил
“Коопсуз шаардын” экинчи фазасынын камералары толугу менен 6-апрелге карата ишке кирет.
Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети билдирди.
Маалым болгондой, учурда россиялык “Вега” компаниясы эки жол өтмөгүндө камераны коюп, жөнгө салууда.
Алар 1-апрелге чейин ишке берилет. Ал эми 9 көчө кесилиштеги жабдуулар андан соң 5 күндөн кийин.
Эске салсак, “Коопсуз шаар” долбоорунун 1-фазасында 10 көчө кесилиште жана 17 туруктуу чектерде камералар иштеп жатат.