Мезгил
“Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи фазасына Бишкек 90 пайызга даяр. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, шаардагы 9 көчө кесилиши жана 2 жол өтмөгү жол белгилер, жол чырактар сыяктуу инфраструктура менен камсыздалууда.Жумуштар эртеңкиге чейин аяктайт.
Эске салсак, буга чейин мэрия аймактарды даярдоого жетишпей жатканы айтылган.
Экинчи фаза эртең, 12-мартта ишке кирип, камералар дагы 9 көчө кесилиште пайда болот.
Азыр алар 10 жол кайчысында иштеп жатат.
Дагы 20 көчмө комплекс ар жерде көзөмөл жүргүзүүдө.