«Коопсуз шаардан» түшкөн каражаттын бир бөлүгүнө тез жардам унаалары алынат

  Мезгил

 Коопсуз шардан өндүрүлгөн айып пулдун бир бөлүгү Медициналык тез жардам кызматынын материалдык-техникалык базасын жакшыртууга жумшалат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.  

Маалым болгондой, тийиштүү чечимге  премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Документке ылайык, аталган долбоордо кызыкдар тараптардын бардыгына акчаларды бөлүштүрүлгөндөн кийин Финансы министрлигинин эсебинде калган сумманын 50% Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна которулуп, медициналык тез жардам машинелерин алууга, жаңы станцияларын ачууга, аларга керектүү материалдык-техникалык жабдууларды сатып алууга жумшалат.

Өлкөдөгү калктын табигый өсүүсүн эске алсак, медициналык тез жардам машинелерине болгон муктаждыктын саны өсүүдө. Ушуга байланыштуу тез жардам машинелерин сатып алуу маселесин чечүү мамлекет үчүн маанилүү социалдык маселе болуп саналат.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *