“Коопсуз шаардын” айып пулдарынан 186 миллион сом чогулду

   Мезгил

“Коопсуз шаар” долбоорунун” алкагында айып пулдарынан 186 миллион сом чогулду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.   

Маалым болгондой,  4-марттан бери 338 миңге жакын протоколдор түзүлсө, алардын 43 пайызы боюнча гана акылар берилди.

Айыптардан түшкөн каражаттын айрым бөлүгү камераларды орноткон компанияга берилсе, калганы жол инфраструктурасына жакшыртууга жана Тез жардам унааларын сатып алууга жумшалат.

Эске салсак, Коопсуз шаар долбоору ушул жылдын 12-февралынан тарта ишке киришкен. Бул долбоор иштеп баштагандан тарта жол кырсыктары кескин кыскарганы айтылууда. 

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *