Мезгил
Кытайда коронавирустан жалпысынан 724 адам көз жумса, 34 миң 871 адам вирусту жуктуруп алышты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн саламаттыкты сактоо министринен билдиришти.
Маалыматка ылайык, муну менен бир суткада ооругандардын саны 3 миң 399 адамга, каза болгогндордун саны 86га өстү.
Каза болгондордун 81и Хубэй провинциясында катталса, Хэйлунцзян провинциясында 2, Пекинде 1, Хэнанда 1, Ганьсуда 1 өлүм катталды.
Ошондой эле 4 миң 214 адам коронавирусту жуктуруп алган болушу мүмкүн деген шек менен ооруканага кайрылышты.
Мезгил ньюс