Мезгил
Коронавирус менен күрөшүү үчүн ачылган атайын эсепке жалпысынан 137 миллион 798 миң сом түштү.
Маалыматка ылайык, анын ичинен 79 миллион 817 миң 874 сому керектелди.
Калганы апрелде эпидемия очогунда иш алып барган медицина кызматкерлерине айлыгынан сырткары кошумча акы болуп төлөнөт.
Чогулган каражат тууралуу маалымат Республикалык штабдын алдындагы help.covid.kg сайтында жарыяланып турат.