Коронавирус. Вирусту жуктуруп алгандардын саны 20 миңден ашса, каза болгондор 425 адамга жетти

  Мезгил

Кытайда тараган коронавирустун жаңы түрүн жуктуруп алгандардын саны 20,4 миңден ашып, 425 адам көз жумду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Саламаттык сактоо боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.

 Ал эми  23,2 миңдей дарыгер аталган илдетти жуктуруп алды деп шектелүүдө.

Маалыматка ылайык, ооруканадан 632 адам чыгарылган. Кытайда бир күн ичинде 3,2 миң адам ооруну жуктуруп алган. Каза болгондордун саны 64кө жетти. Ал эми 2,8 миңдей бейтаптын абалы оор деп бааланууда. 

 Эске салсак, 2019-нКоВ аталышындагы коронавирустун жаңы түрү алгач декабрь айында, Кытайдын Ухань шаарында байкалган. Буга чейин  вирусту жугузгандар 17 миңге жетсе,  ал эми бул илдеттен каза болгондордун саны 400гө жакындаганы айтылган. Ошондой эле жалпысынан бул илдет 27 мамлекетке жайылганы айтылууда.  Биринчи жолу чет мамлекеттерден  коронавирустан Филиппинден 1 адам каза болду.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *