Мезгил
Япониядагы Diamond Princess круиздик лайнериндеги кыргызстандыктан коронавирус табылды. Бул тууралуу World of Cruising журналы жазды.
Маалым болгондой, лайнердеги 67 адамдан илдеттин белгилери табылды. Учурда кеме Япониянын Иокогама шаарында карантинде.
Вирусту жуктургандардын катарында Австралия, Канада, Германия, Гонконг, Индия, Филлиппин жана Тайвань жарандары бар. Лайнерде жалпысынан 3 миңге жакын жүргүнчү бар.
Белгилеп кетсек, өлкө аймагында вируска кабылган адам каттала элек.
Мезгил ньюс