Мезгил
Коронавирустан дагы 2 бейтап каза болду. Бул тууралуу эртең мененки онлайн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Өткөн сутка ичинде COVID-19 вирусунан Нарын облусунун ооруканасында 84 жаштагы аял киши каза болду.
Ошондой эле COVID-19 оорусунан Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасында дагы 55 жаштагы эркек киши көз жумду.
Кыргызстанда коронавирус инфекциясы диагнозу менен жалпы 14 киши каза болду.