Коронавирустун айынан Токио 2020-жылкы жайкы Олимпиада өтпөй калышы мүмкүн

   Мезгил  

2020-жылкы Олимпиада оюндары коронавирустун айынан болбой калышы ыктымал. Бул тууралуу Эл аралык олимпиада комитетинин мүчөсү Дик Паунд билдирди.

 Анын айтымында, Токиодо өтө турганоюндардын тагдырын чечүүгө 3 ай убакыт бар.

Эгере  ага чейин коронавирус боюнча дүйнөдөгү абал жакшырбаса, уюштуруучулар оюнду өткөрүүдөн баш тартат. Олимпиада оюндарына быйыл 11 миң спортчу катышууну пландап жатат.

Белгилей кетсек, Коронавирус коркунучу Иранда, Италияда жана Түштүк Кореяда курч болуп турат. Жер жүзүндө вирус 80 миң кишиге жугуп, 2700 кишинин өмүрүн алды.

Италияда 250дөн ашык кишиге вирус жугуп, жети киши өлгөнү белгилүү болду. Бийлик COVID-19 вирусунун жайылышынын алдын алуу максатында өлкөнүн түндүгүндө, анын ичинде Венецияда эл көп чогулчу иш-чараларга тыюу салды. Түштүк Кореяда ооруну жугузуп алгандардын саны 770 кишиге чукулдады. Жети киши оорудан көз жумду.

Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *