Коронавирустун кесепетинен Олимпиаданын лицензиялык турнири Кыргызстанда өтөт

   Мезгил

   Олимпиаданын лицензиялык турнири Кыргызстанда өтөт. Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) Кытайда коронавирус тарап жаткандыгына байланыштуу тандап алуу беттештерин башка жакта уюштуруу чечимин кабыл алган. 

Маалыматка ылайык, мелдеш 27-марттан 29уна чейин Бишкекте болот.  Федерациянын аткаруу комитетинин чечими боюнча кытайлык спортчулар алгач Сербияга барышып, инкубациялык мөөнөттүн алкагында эки апта болушат.

Кошумчаласак, буга чейин аталган турнир Кытайдын Сиань шаарында өтмөк. Жылдыруу дүйнөгө тараган вируска байланыштуу.

Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *