Камактагы коррупционерлерге ноябрь майрамына карата азаттык берүүнү депутат сунуштоодо

Мезгил. 

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков “Амнистия тууралуу” Мыйзамына өзгөртүү киргизүүнү сунуштады.

 Эл өкүлү амнистияны “коррупция” беренеси менен айыпталып, эркинен ажыратылгандарга да колдонуу керек деп эсептейт.

“Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин “Коррупция” жана “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелеринин негизинде соттолгондорго да аминистияны колдонуу зарыд. Мен мындай акцияны ноябрь айындагы майрамдардын алдында жүргүзүү туура болот деп эсептейм”, – деди депутат.

Айтымында, бул беренелер менен соттолгондордун канчоосу мөөнөтүнөн мурда боштондукка чыгуусу мүмкүндүгүн эсептеген. Ошондо, анын эсеби боюнча сегиз миңдей соттолуучулар эркиндик алышы керек.

 Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *