Коррупция боюнча дагы бир коңгуроо. Күч түзүмүнүн ардагерлери Сооронбай Жээнбековго кайрылышты

Мезгил. 

Кыргызстандын күч түзүмдөрүнүн ардагерлери президент Сооронбай Жээнбековго кайрылышты. Алар коррупциялык схеманы токтотуу суранычын келтиришти.

Коргоо жана коопсуздук боюнча Мамлекеттик комитетинин Коомдук кеңешинин төрагасы Анвар Сартаев президент Жээнбековго күч түзүмдөрүнүн ардагерлер Кеңеши кайрылуу жолдогонун билдирди.

“Алар эки ардагерлер Кеңешиндеги каржылоо маселесине тартип киргизүүнү суранышууда. Айтымдарында, ал жакта коррупция гүлдөп жатат. Бул уюмдарда каражат мыйзамсыз жолдор менен колдонулуп жатканын бир нече жолу айтып чыгышкан. Согуштун жана куралдуу күчтөрдүн ардагерлерине, тылда эмгектенгендерге  төлөнчү төлөм эмгек ардагерлерине жана жарандык топтогу  адамдарга кетип жатат. Бул норманы сактаган мыйзамга жооп бербейт”, – дейт Сартаев.

Мындан улам ардагерлер Эсеп палатасына жана Башкы прокуратурага “Согуш ардагерлеринин республикалык кеңеши, Куралдуу күч жана эмгекти” каржылоонун мыйзамдуулугун текшерүү маселесин белгилеген расмий кат жолдошкон. Аталган уюмдарда 118 адам бар, алардын катарына жетекчилик орган жана райондук бирикмелер кирет.  Бирок, 98 кишинин ардагер статусу жок. Кеп мына ушул тууралуу болуп жатат – ардагерлерге төлөнчү төлөм күч түзүмдөрүнө катыштыгы жокторго да бөлүнүп  жатат. Президентке жолдонгон кайрылуу азырынча жоопсуз калууда. Анткен менен ардагерлер акыйкатка жетүү үчүн акыр аягына чейин күрөшүүгө бел байлашты. Алар бийликтин колдоосуна үмүт артышууда.

Буга дейре Анвар Сартаев өлкөдө согуштун  жана күч түзүмдөрүнүн, укук коргоо кызматтарынын жа тылдын ардагерлер Кеңешинин бир катар аймактык башчылары кызмат орундарын мыйзамсыз ээлеп, ал үчүн айлык акы алып турушаарын жарыялаган. Айтымында, айрым адамдар афган согушунун катышуучусу болбосо да, же Чернобыль кырсыгында жабыркабаса да, ал турмак күч түзүмдөрүндө иштебесе дагы ушул багытта эмгек өтөгөн адам катары пенсия алып турушат.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *