Кош Ала-Тоо, уулуң кетет Маскөөгө

 Мезгил

Кой-Таштагы Атамбаевдин тарапташтары бүгүн түш ченде Россияга учуп кете турган «көсөмүн» узатууга кам урушууда. Айрым маалыматтар боюнча Алмазбек Атамбаев Канттагы орус авиабазасынын аэродромунан учушу мүмкүн. Жандоочулар бийлик тараптан провокация болуп кетпесин деген таризде сак турушат.

«24 kg» Маалымат агенттигинин жазганына караганда чакан автобустарга (бусик) таштарды одеялого ороп жүктөп жатышыптыр. Кечөө Атамбаев Россия жергесинде 2-3 күн болорун, качан жана кандай жагдайда учарын чакырган тарап чече тургандыгы тууралуу билдирген.

Экс-президент али учуп кете элек жатып анын «жаназасын» окуп жибергендер да болду. Бийлик тарап, оозуна таш салып алгансып унчукпайт. Калк арасында Атамбаевдин Кыргызстанга кайрылып келери арсар деген пикирлер орун алган. Сыягы анын саясий-шоусу ушинтип бактылуу аяктаганы калды кейиптенет.

Канттагы орус авиабазасынан жеке учак менен учат дегендин өзү апрель революциясы, Бакиевдердин өлкөдөн чыгарылышы, төңкөрүш үчүн орус бийлиги Атамбаевге жардам берген деген кептердин удулуна жем таштап олтурат.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *