Кошуналар кеп айтат: Таза суунун ордосу Кыргызстан, бирок сууга жетпей жашап жаткандарына таң калам

Мезгил

Кечээ орусиянын борбор шаары Москавадагы М.В. Ломоносов атындагы чоң окуу жайдын профессору кыргыз калкына так жана маанилүү сөздөр менен сын айтты “ Таза суунун ордосу Кыргызстан, ар бир коктудан аркырап экологиялык жактан таза суу агат, бирок эли таза сууга жетпей жашап жаткандарына таң калам” деп, айткан сөзүнүн өзүндө эле эмне деген маани жатат.

Ооба, чындап караганда, биздин өлкө сууга бай, бирок сууну иштеткенди билбей, канчалаган суулар эч себепсиз коңшу өлкөлөргө агып кирип кетип жатат. Бул эми чиновниктердин чабалдыгынан белги берип жатканын жашырганда эмне? Ооба, турист болуп чет өлкөдөн келип, биздин өлкөнүн шаркырап аккан сууларына кызыкпаган киши жок. Ушундай кереметтүү көз тайыган кооз жерде жашап туруп, көп нерсеге жетишпей жашап жатканыбызды чет элдер сырттан таң кала карап турат, бирок бизде мындай мүмкүнчүлүктөрдү пайдалана тургандай эч кандай айла-амал жок, ушул жагы өкүнүч жаратып, ар кандай сын сөздөргө кабылтып жатканы да чын.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *