Мезгил.
Депутат Кожобек Рыспаевди азырынча КСДП фракциясынын катарында калтыруу чечимин аталган фракциянын жыйынында кабыл алышты.
Фракция лидери Иса Өмүркулов Рыспаевдин маселеси боюнча талкуу кызуу жүргөнүн, бирок соңку чечим кабыл алынбаганын билдирди. Ал эми Рыспаев өзү бул тууралуу маалымат бере элек.
Кожобек Рыспаев КСДПнын катарынан август айында чыгарылган. Партия аны депутаттын жобого шайкеш келбеген аракеттерине байланыштырган. Ал эми фракциянын катарынан өзү арыз жазмайынча чыгара алышпасын эл өкүлү айтып келет.
Булак: Мезгил Ньюс