Кожобек Рыспаев “Текебаев көк жал болчу” деди

  Мезгил

Эх, кайран гана тил, тилде сөөк жок экенин ушундан билсек болот, отуз жылдан бери эмне деген гана кулак кубана турган сөздөр айтылды. Бирок чындап караганда “молдонун айтканын кыл, кылганын кылба” деп айткандай, азыр депутаттардын айткан сөздөрүн угуп, кылган иштерин кылган болбой кала турган болуп калды өңдөнөт.

Анткени Текебаев кесилип кетип жатканда, мурунку бийликтин тилинен чыга албай ушул эле депутаттар кандай каралап, кесилип кеткен соң, эми аны “көк жалга” теңеп мактагандары айткан сөздөрү менен кылган иштери төп келбегендей абалды тартуулап жатат. Эгер Текебаев көк жал болсо, жакшы адам болсо анда эмнеге анын камалып кетишине өздөрү себеп болду. Андан дагы Кожобек мырза берилүү менен  “Атамбаевге караганда, Текебаев ак жерден кесилип жатканда да бизди кемсинткен эмес “чимкирик” деп” деген тайисте айткан кебинин артында эле эмне деген сөз жатат.

Айталы дегенибиз, убакыт өтсө, учуру келгенде, ушул эле жан алдары калбай жамандап, күнөөлөп жаткан Атамбаевди кара чаар жолборско теңешпесе болду деп турган кез. Андыктан айтылган кеп бар эмеспи “жоо кеткен соң, кылычыңды бокко чап” дегендей, бары өтүп кеткенден кийин эски жараны козгоп, кайра баштан сөздү жаңырткандан эч майнап жок экенин эске алган жөндүү. Андан дагы азыркы Атамбаевдин талаш маселесинен куудулдар дагы бир юмор жаратары турган иш болуп калды. Ар ким айтса, аныкы эп. Бирок учурунда туура айтылган кептер,  чыгарылган чечимдер убакыт өткөндө эле теңирден тескери чыгып калып жатканы да, курган депутаттардын дарегине доо кетирип жатканы айла жок күлкү келтирип, жүзгө жылмайуу тартуулап жаткансыйт.

Булак: Мезгил Ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *