Кожомкул балбандын 130 жылдыгына 7 унаа баш байгеге коюлат

Мезгил

Кожомкул балбандын 130 жылдыгы 29-июнда Суусамырдын Кара-Кол жайлоосунда өтөт.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев билдирди.

Анын айтымында маараке ат оюндары менен башталып, алгачкы жолу “А көтөрүү”, “Таш көтөрүү” оюндары ойнотулат. Себеби, Кожомкул балбан ат, таш көтөрүү менен балбандыгын өзгөчөлүгү менен айгинелеген. Бул оюндарга Казакстандан, Өзбекстандан балбандар да келип, өз өнөрлөрүн көргөзмөкчү. Ошондой эле көк бөрү, ат чабыш, эр эңиш, күрөш оюндары ойнотулат. Баш байгелерге жалпысынан 7 унаа жана кызыктыруучу сыйлыктар коюлат.

 Мааракеге бюджеттен каражат бөлүнгөн жок. Президенттин фондунан 400 миң, премьер-министр 300 миң, спикер 200 миң сом бөлүп берди.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *