КР Билим берүү жана илим министрлиги: “Сапат” менчик мекеме, мүлкүн фондго өткөрүүгө ээлеринин уруксаты керек

Мезгил. 

“Сапаттын” имараттарын “Маариф” фондуна өткөрүү үчүн жеке менчик билим берүү мекемесинин ээлеринин уруксаты керек. Мындай маалыматты КР Билим берүү жана илим министрлиги таратты.

Эске салсак,  Кыргызстандагы “Сапат” билим берүү мекемелеринин имараттарын Түркиянын “Маариф” фондуна өткөрүү пландалып жатканын  Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат 10-сентябрда Бишкекте түрк президенти Режеп Тайып Эрдогандын сапарынын жыйынтыгы тууралуу маалымат жыйында билдирген.

Элчи “Сапаттын” билим берүү мекемелери түрк жарандарынын салыгынын эсебинен курулганын, андыктан келечекте ал имараттарды “Маарифке” өткөрүү максат кылынып жатканын айткан. Анын айтымында, түрк бийлиги Кыргызстандан “Сапат” мектептерин жабууну эмес, аларды өткөрүп берүүнү талап кылган. “Маариф” фондунун билим берүү мекемелеринин ачуу боюнча сүйлөшүүлөр аягына чыгып калды.

Элчинин билдирүүсүнө Кыргызстандын аталган министрлиги тактоо киргизди.

“Сапат” эл аралык билим берүу мекемеси аралаш  менчикке кирет жана Кыргызстандын мыйзамынын негизинде ишмердүүлүгүн жүргүзөт. Анын кожоюндары Кыргызстандын жарандары жана Билим берүү министрлиги. Мекеменин имараттарын кайсы бир тарапка өткөрүп берүүдө анын кожоюндарынын уруксаты керектелет”, – деп билдирди министрлик.

Ал эми “Маариф” фондусу боюнча,  түрк фонду менен Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлигинин ортосундагы алака-катыш тууралуу меморандумга кол коюлгандыктан, анын негизинде өкмөттөр аралык келишимдин долбоорун даярдоого жумушчу түп түзүлгөнүн кабарлады. Долбоор парламенттин кароосуна коюлат, ал жактан документ ратификация процедурасынан өтүүсү керек.

Кыргыз билим берүү тармагынын “Маариф” фонду менен кызматташуу келишимине  Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын Кыргызстанга эки күндүн иш сапарынын алкагында кол коюлган.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *