КР ДИМКсы аймактарда маалыматтык-профилактикалык иш-чараларды өткөрүүдө (фото)

Мезгил

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы 2018-жылдын 26-ноябрынан 29-ноябрына чейин Бишкек, Ош шаарларында, Бишкек шаарынын Биринчи май, Ленин, Свердлов райондорунда, Ош облусунун Өзгөн, Алай райондорунда маалыматтык-профилактикалык иш-чараларды уюштуруп жатат.

Аталган иш-чарада Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы (ДИМК), Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги (ИИМ), Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин (ЖӨБЭММА) өкүлдөрү жана эксперттер тарабынан жергиликтүү бийликтин, укук коргоо органдарынын, аксакалдар, жаштар кеңештеринин, диний уюмдардын өкүлдөрүнө жана башка коомдук уюмдарга диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат, дин тутуу эркиндиги, адам укуктары, экстремизм жана радикализмди алдын алуу, жарандык интеграция, эрте никелешүүнүн  кесепеттери, балдардын ден соолугун бекемдөөдө эмдөө жүргүзүү, жарандардын радикалдашуусуна бөгөт коюу максатында дин жаатындагы актуалдуу маселелелер боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Эске салсак, 2018-жылдын 15-октябрынан 19-октябрына чейин Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз, Ак-Суу, Тоң райондорунда, Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаары, Кадамжай жана Лейлек райондорунда, 2018-жылдын 22-октябрынан 26-октябрга чейин Нарын облусунун Ат-Башы, Ак-Талаа райондорунда жана Нарын шаарында, Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жана Таш-Көмүр, Токтогул шаарларында, 2018-жылдын 29-октябрынан 2-ноябрына чейин Ош облусунун Кара-Суу, Ноокат, Араван райондорунда маалыматтык-профилактикалык иш-чаралар өткөрүлгөн.

Ош шаары

Бишкек шаары

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *