Крымды чечишип алалы. Зеленский Путинди жолугушууга чакырды

 Мезгил

 Украинанын президенти Владимир Зеленский өзүнүн фейсбуктагы баракчасы аркылуу  Россиянын президенти Владимир Путинге кайрылуу жасап аны Минске жолугушууга чакырды. 

Орусиянын президентине кайрылгым келет. Сүйлөшүш керекпи, сүйлөшөлү. Крым кимдики экенин, Донбасс каякка тиешелүү экенин талкуулайлы»деди Зеленский. 

 Ошондой эле  АКШнын президенти Дональд Трамп,  Улуу Британиянын премьери Тереза Мэй, Германиянын канцлери Ангела Маркел, Франция президенти Эмманюэль Макрон болуп Крым Донбасс жерлери жөнүндө талкуу кылышыбыз керек деген пикирин билдирди. 

 Зеленский  Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко  Минскте өтүүчү жолугушууга каршы эместигин айтты. 

Ал эми Зеленскийдин бул кайрылуусуна,  Путиндин пресс-катчысы Дмитрий Песков Кремлде бул сунушту карап көрөөрүн, бирок азыркы учурда жооп бере албай тургандыгын билдирди.  

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *