«КСДП Атамбаевсиз!»: Аны КСДПнын тизмесинен алып салуу зарыл

Мезгил

Экс-президент Алмазбек Атамбаев КСДП партиясынын мүчөлөрүнүн ишенимин актаган жок. Аны КСДПнын тизмесинен алып салуу зарыл. Бул тууралуу бүгүн, 23-июлдагы маалымат жыйында анын уюштуруучусу Сагынбек Абдрахманов билдирди.

Абдрахмановдун айтымында Атамбаевдин КСДП партиясын жетектөөгө акысы жок. Аймактардагы партиянын ардагер мүчөлөрү сунушу мененэми  өлкөнүн баардык аймактарында жыйын өткөрүлүп, булганган адамдарды партиядан чыгаруу маселелерин талкуулашат.

– Биз бүгүнкү бийлик менен азыркыдай кадамдарыбызды бетке кармап, ачык сүйлөшүп, эч кандай соодалашкан жокпуз. Мындан аркы кадамдарыбыз – буга чейин көтөрүп чыккан «Атамбаевсиз КСДП!» деген лозунгубузду бүгүнкү күндө карапайым адамдар аябай колдоп жатышкандыктан, аны улантуу. Бүгүн Атамбаевди жаман көргөндөр толтура да. Биз өзүбүздүн мындай кадамдарыбыз менен коомчулуктан кадимкидей колдоо алып жатабыз. Буюрса каражат жагы чечилсе КСДПны тартып алуу оңой эле-деди Абдрахманов

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *