КСДП фракциясы Кожобек Рыспаевди катарынан чыгарууну каалоодо, а депутат макул эмес

Мезгил. 

Депутат Кожобек Рыспаевди КСДП фракциясы катарынан чыгарууну чечти. Фракциянын лидери Иса Өмүркуловдун билдирүүсүнө караганда, алгач бул маселени фракциянын мүчөлөрү карап чыгышып, андан соң палатанын кароосуна коюшат.

Өмүркулов Рыспаевди партия мүчөлүктөн чыгаргандан кийин фракциянын катарында алып жүрүүгө болбойт деген пикирди карманууда.

“Ал эркин депутат болот да, регламент боюнча комитетти башкара албайт”, – дейт Өмүркулов.

Кожобек Рыспаев учурда Жогорку Кеңештин жылуулук-отун энергетикалык комплекси жана жер казыналарын пайдалануу комитетинин төрагасы. Эгер фракциянын катарынан чыгарылса, аталган комитеттин төрагалыгынан да кетет. КСДП лидери аталган комитеттин жетекчилигине ким келээрин палата чече турганын белгиледи.

Ал эми депутаттын өзү менен байланышканыбызда, КСДП фракциясынан кетүүгө ниети жоктугун белгиледи.

“Мен фракциялаштарымдын алдында күнөөлүү эмесмин, ошондуктан партиядан чыгарышса да, фракциядан чыгуу оюм жок. Албетте, эгер көпчүлүк депутаттар мени фракциядан чыксын деп добуш беришсе, кеткенден башка жол жок. Бирок, өзүм биринчи болуп чыкпайм. КСДПда коррупция бар деп маалымат каражаттарына айткам. Андай эмеспи? Партиянын саясий кеңешинин жарымы УКМКнын абагында отурушат, аларга ЖЭБ иши боюнча так ошол коррупция айыбын тагышты. Чындыкты айтсам фракциядан чыгарыламбы? Эмненин негизинде? Коррупцияны айтып келгем, айта да берем”, – дейт Кожобек Рыспаев.

КСДП жакында Кожобек Рыспаевди мүчөлүктөн чыгарганын жарыялаган. Партия негиз катары Рыспаевдин партиянын жобосуна, багытына дал келбеген аракеттерди жасаганын айткан. Маалымат каражаттарынын бирине “Бишкек ЖЭБи боюнча КСДПнын айыбы далилденсе, мен анын катарынан чыгам”, – деп айтканын бетке кармашкан. Рыспаев кийинчерээк мындай маалыматты кеч алганын, партия алдын ала аны мүчөлүктөн чыгаруу чечими менен кабардар кылбаганын айткан. Ошондо эле КСДП депутатты фракциядан чыгаруу фракциядагы депутаттардын чечими болоорун белгилеген.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *