КСДП: Иса Өмүркулов съезд чакырмак тургай, Саясый кеңештин жыйынын чакырганга да укугу жок

Мезгил

«Иса Өмүркуловдун съездди да, Саясый кеңештин жыйынын чакырганга да укугу жок, алтургай, КСДПдан чыгарылгандан кийин атайын чакыруусуз партиянын чогулуштарына да катышууга укугу жок. Бул тууралуу Атамбаев жетектеген КСДП партиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Анда, Иса Өмүркулов  3 –апрелде КСДПнын дагы бир съездин чакыруу жөнүндөгү билдирүүсү жалган деп айтылат.

-Партиялык форматтын чектеринен тышкары Өмүркулов И.Ш. мырза өзүнүн тарапташтарынын кандайдыр бир чогулуштарын өткөрө алат, бирок анын КСДПга эч кандай тиешеси болбойт. Бул КСДПга эч кандай тиешеси жок адамдар лидери болуп эсептелген ошол эле “Атамбаевсиз КСДП” кыймылына да тийиштүү-деп айтылат билдирүүдө.

Атамбаев башында турган КСДП партиясы, Сагын Абдырахманов кайсы бир маегинде Асылбек Жээнбеков менен жолугушууну ага Иса Өмуркулов айтканын моюнга алган. Ошондуктан биз бүгүн КСДПга карата жүргүзүлүп жаткан саясый рейдерликтин артында эң жогорку деңгээлдеги бүгүнкү бийлик турарына барган сайын ишенүүдөбүз. Мындай болбосо, анда Өмүркулов И.Ш. жана Абдырахманов С. Ү. тарабынан мынчалык бетпактык менен уставдук жоболордун бузулуп жатканын жана адептүүлүктүн кадыресе талаптарын тоготпогондукту эмне менен түшүндүрүү керек? Партиядан чыгарылган бул адамдар Жээнбековдордун колдоосу жок, «жалган -конференцияларды», «жалган съезддерди» өткөрмөк тургай, үн чыгарганга да даабас эле! –деп кошумчалайт.

-Иса Өмүркуловдун Саясый кеңештин жыйынын чакырганга эч кандай укугу жок экенин дагы бир жолу баса белгилейбиз, анткени КСДПнын Саясый кеңешинин 2017-жылдын 23 мартында бекитилгег Регламентине ылайык, мындай ыйгарым укук партиянын Төрагасына гана берилген, ал жок болгондо, бул укук КСДПнын Төрагасынын орун басарларынын бирине берилет. Ошондой эле Иса Өмүркулов КСДПдан өткөн жылы чыгарылганын жана ал өзүнүн ишин кайрадан карап чыгуу боюнча эч кандай партиялык органдарга арыз менен кайрылбаганын эске салабыз-деп жазылат билдирүүдө.

Ошондой эле съездди өткөрүү датасын өзгөртүү үчүн КСДПнын Төрагасы А. Ш. Атамбаевге Саясый кеңештин башка жыйынын өткөрүү сунушу менен кайрылуу керектигин билдиришет.

КСДПнын съезди 2019-жылдын 6-апрелинде өтөт. Бул дата партиянын Саясый кеңешинин 2018-жылдын 18-октябрында болуп өткөн жыйынында бекитилген.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *