КСДП жөжөнү күздө санайбы?

   Мезгил

КСДПнын мурдагы саясый кеңешинин мүчөсү Темирлан Султанбеков:

“Сагынбек Абдрахманов сүйүнбөй кое турсун. Партия кимге тишелүү болору бир айдан кийин чечилет. Кандай болгон күндө да партияны рейдерлик жол менен басып алуу жүрүүдө. Эгерде рейдерлик менен басып алынса, анда партия эч кимге кереги жок болуп калат. Бийликтин максаты эптеп чыныгы КСДПны шайлоого жолотпоо болуп жатат”, – деди.

Ал эми буга чейин Сагынбек Абдырахманов:

“КСДП партиясы шайлоого барат, максатыбыз жеңиш!”, – деген болчу.

Бул эргулдардын жоругу ак улак менен кара улак жөнүндөгү жомокту эске салат экен. “Тар көпүрөдө жолугуп калды эки улак. “Жол бер” деди кара улак. “Жол бербемин” деди ак улак. Экөөсү карсылдата сүзүшүп кетишти. Көпүрөдөн ылдый сууга кулап түшүштү”, – деп айтылат жомокто. Партия талашкандар аны ары-бери тартып жатып, күнгө күйүп, курмушу болуп калган эски кийиздей кылып, дал-далынан айрып алышпаса эле болду.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *