КСДПдагы талаш. Ирина Карамушкинанын Кожобек Рыспаевге кеги барбы, же КСДПга ишенимдүү мүчөбү?

Мезгил. 

КСДПнын депутаты Ирина Карамушкина маалымат каражаттарына “жогорку күчтөр” аралашпаса эле, Кожобек Рыспаевди фракциянын катарынан чыгарыша турганын билдирди.

“Аны чыгаруу керек. Анткени, эми биздин партиябыздын катарында жок да. Бирок, Иса Өмүркулов азырынча бул маселе каралбай турганын айтты. Качанкыга чейин каралбайт – тактаган жок. Бирок, эртеби-кечпи баары бир чыгат. Ал өзүн ждагы деле кыйын сезип, спикерге кайсы бир комиссияны түзүүнү да сунуштап жүрөт”, – деген Карамушкина Рыспаев тууралуу.

Ал эми мыйзамда депутаты фракциядан чыгаруу мүмкүн эмес деген пикирлерге камыраган эмес:

“Бизде бул жаатта тажрыйба бар. Жанар Акаевди деле фракциядан добуш берүү менен эле чыгарбадыкпы. Ал азыр эркин депутат, комитет башкара албайт жана фракциянын катарынан иш сапарларына чыга албайт”.

Кожобек Рыспаев КСДПнын катарынан чыгарылган. Ал партиянын катарынан чыгарылаары тууралуу КСДПдан билдирүү албаганын, башкалар катарында эле ММКлардан окуп билгенин айтып чыккан. Партия депутатты фракциядан чыгарууну фракциядагы депутаттар чечээрин билдирген болчу. А Кожобек Рыспаев өз каалоосу менен арыз жазбаса фракциядан чыгарылуу мүмкүн эместигин айтууда.

“Мен юристтерден сурап билдим. Арыз жазбасам мени эч ким чыгара албайт. А менин арыз жаза турган ниетим жок”, – дейт ал.

Булак: Мезгил Ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *