КСДПнын депутаты изделүүдө

Мезгил

Токмок шаарында Талантбек Жамангулов аттуу жаранды бычак менен сайган Токмок шаардык кеңешинин КСДПдан депутаты Тынай Жансейитов изделүүдө.  Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, аталган факт боюнча Кылмыш жана Жаза кодексинин “адам өлтүрүүгө аракет жасоо” беренеси менен кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү Тынай Жансейитовго сырттан күнөө коюлуп, камакка алуу чечими чыккан.

 Айрым маалыматтарга  караганда, Жансейитов окуя болгондон кийин өлкөдөн чыгып кеткен. Азыркы тапта анын кайсы жакта экени белгисиз.

Айта кетсек, буга чейин   Талантбек Жамангулов аттуу жаран  аны шаардык кеңештин депутаты бычак менен сайып салганын, бирок кылмышка шектүүнүн туугандары РИИБде иштегенине байланыштуу ал арыз жазбаганын билдирген.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *