Өктөм Мамаева Кой-Ташта каза болгон Ниязбековдун апасы: Атамбаевдей адамдар бул дүйнөдө жаралбасын!

 Мезгил

   Кой-Ташта экс-президент Алмазбек Атамбаевди атайын операция менен кармоо учурунда каза болгон УКМКнын “Альфа” атайын бөлүмүнүн командирдин орун басары Үсөнбек Ниязбеков  бүгүн акыркы сапарга узатылды.

Ниязбековду кыркы сапарга узатуу зыйнатында  анын апасы Өктөм  Мамаева  сөз сүйлөп, уулу Африкада да террористер менен күрөшүп келгенин айтып, бирок алты жыл президент болуп башкарган Атамбаев деген террористин колунан каза болду дейт.  

Ошондой эле ал “Атамбаевдей адамдар бул дүйнөдө жаралбасын, мен аны өмүр бою каргап өтөм” деп көз жашын төккөн эне көпчүлүктүн жүрөгүн ыйлатты.    

 Белгилей кетсек, Үсөнбек  Ниязбеков 7-августта Алмазбек Атамбаевди крмоо учурунда журөгунөн ок жеп бирок ал ооруканадан жан берген. Ал эгиздин түгөйү болгон. Маркумдун артында жубайы, 4 уул, 2 кызы калды.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *