КТРКнын жаңы директору шайланды

Мезгил

КТРКнын директорлугуна  Жайнак Үсөн уулу шайланды.  Бүгүн, 6-мартта Байкоочу кеңештин мүчөлөрү талапкерди тандоо жыйынында жашыруун добуш берүү өткөрдү.

 Натыйжада Жайнак Үсөн уулу Байкоочу кеңештин 13 мүчөсүнүн добушуна ээ болду. Болотбек Тиллебаевге 1 добуш, Галина Байтерековага 1 добуш берилген. Байкоочу Кеңештеги жалпы 15 адам добуш берүүгө катышты.

Буга чейин талапкерлердин бири Мирлан Самыйкожо талапкерлигин алып салган.

Белгилей кетсек, өткөн аптада КТРКнын башчысы кызмат ордуна талапкер болгон 17 кишинин программасы угулуп, сегиз киши Ибраим Нуракун уулу, Мирлан Самыйкожо, Замирбек Казакпай уулу, Галина Байтерекова, Жайнак Үсөн уулу, Болотбек Тиллебаев, Адил Турдукулов жана Сураган Босумбаев финалдык баскычка өткөн болчу.

КТРКнын башчысы төрт жылга шайланат. Каналдын учурдагы жетекчисинин иш мөөнөтү ушул жылдын 19-мартында аяктайт.

 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *