Кубан Мамбеталиев: Автократия катуу сиңип кеткендиктен күчтүү бийликти эңсеп жаткандар да бар

Мезгил

Сооронбай Жээнбеков “кыргыз коомунун кыртышына жана табиятына парламенттик демократия туура келет. Бул мамлекеттин туруктуу өнүгүп, коомдо туруктуулуктун бекем орношуна негиз болот» деп айтты. Тилекке каршы, көп сынчылар “дал ушул партиялык, парламенттик система туруксуздукка алып келди” деп сындап жүрүшөт.

Ал эми белгилүү коомдук ишмер Кубан Мамбеталиев коомчулуктун бир бөлүгүнүн парламенттик башкарууга каршы чыгып жатканы демократиялык баалуулуктар коомчулуктун калың катмарына али толук жете элек экенин айтып турат деген пикирде.

Мындай көз караштарды мурдагы президенттер деле айтып келген, бирөө “кыргыздарга демократия тоодон түшкөн” деп айткан. Кыргыз тарыхына, кийинки коомдук тажрыйбаларына таянсак, кыргыздар авторитаризмге караганда демократиялык баалуулуктарды өздөштүргөнгө жакын десек болот. Автократия совет мезгилинде биздин коомго катуу сиңип кеткендиктен күчтүү бийликти эңсеп жаткандар да бар.

Демократияга элди ынандыруунун бир жолу – бийлик бутактарынын ортосундагы тең салмакты сактоону калыптандырыш керек. Башкарууну жаңы нукка, жаңы багытка буруу зарыл. Мында Жогорку Кеңештин жоопкерчилиги, даярдыгы керек болот. Анткени тиешелүү мыйзамдык база түзүлүшү керек.

Ошондуктан президент “2020-жылы боло турган парламенттик шайлоого тиешелүү мыйзамдык база, өзгөртүүлөр 2019-жылы бүтүшү керек” деп айтып жатат. Жогорку Кеңеш, өкмөт, башка мамлекеттик органдар шайлоонун ачык, адилеттүү өтүшүнө салым кошууга басым жасады, бул элге жагып жатат.

Ал эми коомчулуктун бир бөлүгүнүн парламенттик башкарууга каршы чыгып жатканы демократиялык баалуулуктар коомчулуктун калың катмарына али толук жете элек экенин айтып турат. Ошондон улам алар президенттик башкаруудагы бийликти эңсеп келатышат. Кыргызда илгертен айтылып келаткан “ийри отуруп түз чечүү” накыл сөзү биздин демократияга жакын экенибизди айтып турат-дейт Кубан Мамбеталиев

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *