Кубанычбек Исабеков: “Атамбаев мамлекетти менчигине айландырып, миллиардаган долларларды алып, карызга батырды”

Мезгил

Акыркы күндөрү баардык массалык- маалымат каражаттарынан Алмазбек Атамбаевди тынымсыз көрсөтүлүүдө, эл мындан тажап бүттү. Эми күнү-түнү көсөтүүнүн кажети жок. Бул туурасында Жогорку Кеңештин үчүнчү- төртүнчү чакырылышынын депутаты, мурдагы вице-спикери Кубанычбек Исабеков билдирди.

– Алмазбек Атамбаевдин күнөөсү аябай оор, соттолушу керек. Бул кишинин орду түрмөдө деп эсептейм. Бирок  Өмүр бою бийликте жүргөн киши жок. Ар бир жетекчи мамлекетине зыян келтирсе, эртең элдин астында жооп берээрин унутпашы керек. Акыркы жылдары мамлектибизди канча азапка салды, карыздарга батырды. Жеке эле ал кишини эмес, ошол кишини бийликке алып келген Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү жөнүндө дагы айтаар элем. Кээбирлери азыр кайра Алмазбек Атамбаевди жамандап жатышат. Өз убагында Атамбаевди колдоп, жөлөп-таяп, президенттикке алып келишкен. Кан менен келген киши кан менен кетип жатат. “Жамандык менен келген- жамандык менен кетет” деген сөз кыргызда миңдеген жылдан бери айтылып келет.  Бул киши оозуна ээ боло албай, мамлекетти башкара албай, көп кишилерди саясий куугунтуктарга салды. Мамлекетти менчигине айландырып, миллиардаган долларларды алып, карызга батырды. Миңдеген мигранттарды жер каратты. Жакшылыгынан жаманчылыгы көп болду. Апрель 2010- жылы дагы көрүстөнгө барып ант беришти эле. Азыр кана ошол берилген анты? Көпчүлүк билет Атамбаев Убактылуу Өкмөттүн кээ бир мүчөлөрүн дагы күнөөлөгөн миллиондогон акчаны алып коюшкан деп. Канча баланын каны төгүлдү эле? Ошондо дагы баары Форумдан башталган. Куралдарын тартып алып, аскерлерди атып, сабашкан. Апрель окуясынын жыйынтыгы толук чыккан жок. Кимдин кимди атканы белгисиз бойдон кала берди. Ак үйдү, Жогорку Кеңеш иштеп жаткан имаратты басып алып, талкалап, өрттөшкөн. Бишкек шаарында эле эмес, облустарда дагы ошондой болгон. Канча мародерстволор болду эле? Канча киши боздоду? Менчиктеринен куру калды. Далайынын азыркы күнгө чейин сөөгү сыздап жүрөт, далайы инвалид болуп калды – деди Исабеков.

Мындан сырткары июнь-июль окуясында кыргыз- өзбек салгылашында дагы Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү күнөөлү. Миңдеген кишилер үй-жайсыз калган. Канча киши курмандыка чалынды. Бүгүнкү күнгө чейин жакындарын жоготкон, инвалид болуп калгандардын жүрөгүндөгү жарасы айыга элек. Ушунун баарына А. Атамбаев баш болгон бир топ Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүн күнөөлү деп кошумчалады мурдагы вице-спикер.

– Алмазбек Атамбаевдин анысы аз келгенсип, Бишкектеги ШОСтун саммитинин алдында жаман сөздөрдү айтып, мамлекеттин аброюн түшүргөн. Өзүнчө чеп куруп алып, “курал- жарактар менен атышам” деди. Бул падыша болгон кишинин сөзүбү? Өзү айткандай элди көчөгө алып чыкпай, сот менен гана чечиш керек эле. Азыркы соттордун, Өкмөттүн жарымынан көбү А. Атамбаев өзү койгон соттор жана министирлер. Райондордо, шаарларда, облустарда койгон кадрларынын көпчүлүгү азыр да иштеп жатышат. Бир топтору карап отурушат, “кимиси жеңсе ошол жака бурулуп кетейин” деп. Азыркы Жогорку Кеңешти “чимкирик” дейт, баарын өзү талдап койгон. Мамлекет башчысын дагы “өзүм алып келем, өзүм башкарам” деген. “Жогорку Кеңеш өзүмдүкү, Премьер- министр өзүмдүкү, Сот, Башкы прокуратура, БШК, Эсептөө палатасы- баарын өзүм башкарам” деген ою бар болчу. Жердештерин, айылдаштарын, тарапташтарын алып келип туруп Кой-Таштан ызы-чууга салып берди. Мен түшүнөм көбү жумуш орду жогунан, акчанын айынан барып жатышты. Канчасы жарадар болушту. Канчасы качып кутулушту. Кыркттан ашык курал-жарак, ондон ашык пистолет, эки миңден ашык ок-дары жоголду дешти. Анын баары кийин чыгат. Тилеке каршы жаман жактарга колдонулушу мүмкүн. Апрель 2010, июнь 2010 окуяларында канчалаган курал- жарак жоголуп, азыркы күнгө чейин бир тобу белгисиз бойдон калды. Бул жерден Атамбаев жеңилди. Аны мойнуна алып, мыйзам чегинде жооп бериши керек. Мен айтаар элем Жогорку Кеңеш алты күнөө койсо башкы прокуратура бирөөнү алып салып беш күнөөнү койду. А. Атамбаевге андан дагы көп күнөөнү койсо болот. Коррупциянын ана башында А. Атамбаев турган, эки ай мурун Атамбаев «Сапар Исаков, Кубанычбек Кулматов, Албек Ибраимовдор жөн гана аткаруучулар болгон” деп айткан эле. Бул эмнени билдирет? Ушунун баары Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен болгонун жана тергөө органдары жүздөгөн, миллиондогон долларларды кайда кеткенин ал кишиден сураш керек. Баласынын ортомчул ишканасы мамлекеттен өндүрүлгөн электро энергиясын 34 тыйындан сатып алып, бүт кыргыз элине 70 тыйындан, ал эми коммерциялык уюмдарга 2 сом 16 тыйындан сатчу. Ошол эле учурда бүгүнкү күндө аялынын айтуусу боюнча үйлөрүбүздү алып койсо кайсы жакта жашайбыз дегендерин кандай түшүнсө болот. Атамбаевдин жанында жүрүп, азыр түрмөдө отургандардын иштери боюнча азыркы күнгө чейин жыйынтык чыга элек. Экинчи дүйнөлүк согуштун “Нюрнбергский процесси” андан кыскараак мөөнөттө каралды эле. Бул маселени дагы узакка созбой, ошол эле маалда далили менен, мыйзам чегинде карап, жоопко тартыш керек. Борбордук аянтта кыйкырып жүргөн жаштар, бул Атамбаевдин тарапташтары гана деп айта албайм. Кээ бири акча алса керек, кээ бири азыркы бийликке нааразылар – деди мурдагы депутат.

Ошондой эле акыркы саясий кырдаалда бийликти дагы утулду деп эсептейм. Аскерлер барып таяк жеп, колго түштү. Укуктук жагын дагы караш керек. Эмне үчүн УКМКнын жигитери барышты? Куралдарын алдырып, бирөө кайтыш болду. ИИМге тапшырылгандан кийин, алар аткарыш керек болчу. Кандай аткарылганын баардык эл-журт көрдү. Күч органдарынын реформасы, алардын даярдыктары бүгүнкү күндүн талабына жооп бербейт экенин билдирди мурдагы вице-спикер.

 
– Учурда бийликке келгендер дагы элдин жүгүн артамын, элге иштейм дегенден кийин иштеши керек. Тынчтыкты орнотушу керек. Эл сурагандай акысы бар. Бийлик элге иштеш керек. Тынчтыкты сактап калуу, бийликтин мойнунда. Тил табыша билиш керек. Оппозиция менен отуруп, жакшы айтканын алып, жаманын ташташ керек. Оппозициядагылар дагы Алмазбек Атамбаевди дагы колдоп жүргөндөр дагы биздин эл. Муну унутпашыбыз керек. Бийлик “уттук” деген эйфориядан алыс болушу керек.
Апрель окуясында, 2010-жылы курман болгондорго миллион сомдон жана квартиралар берилген. Эмне үчүн Кой-Таштан каза болгон атайын аскердин кызматкери Үсөн Ниязбеков каза болду, ага эмне үчүн анча- мынча акча бөлүнөт? Анын артында алты баласы атасыз, аялы жесир калды. Эгер үй-бүлөөсү муктаж болсо квартира берилиши керек. Ошондой эле жарадар болгондорго материалдык жана моралдык жардам көргөзүлүшү керек – дейт Кубанычбек Исабеков.

Мезгил Ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *