Кубанычбек Исабеков: “Коррупциялык схема Кумтөрдө көп”

   Мезгил

Жогорку Кеңештин III, IV чакырылыштарынын депутаты, мурдагы вице-спикер Кубанычбек Исабеков менен Кумтөр маселеси боюнча курган маегибизди сунуштайбыз.

– Сиз убагында Кумтөр боюнча маселе көтөрүп, иликтөө жүргүзүп жүргөнсүз. “Центерра голлд инк” компаниясы тууралуу айтып берсеңиз деп турабыз.

– Биздин саясатчылар, экономисттер баары эле Кумтөр маселелсин айтып келишет. Биринчи жолу “Центерра” боюнча мен аябай терең изилдегенмин. Кыргызстанга Кумтөр алтын кенин иштетүү үчүн алгачкы жолу чет элдик ири компания киргизилгенде, кийин “Центерраны” түзгөндө, Монголиядагы Боро жана Гаструд кендерин, АКШнын Невада штатындагы Рен кенин кошо иштетип, пайдасын акционерлер менен бөлүшүү жагы каралган. Ал кендерге Кыргызстандын тиешеси бар дегеним “Центеррада” Өкмөттүн чоң үлүшү турат. 33 % менен мамлекет жеке компаниянын акционери болуп саналат.

Алгач тигил кендердин активдик запасын жасалма түрүндө абдан көбөйтүшкөн. Кумтөрдүн запасын азайтып, ал кендердин бири сатылып, бири иштетилбей, дагы биринен бир аз алтын казылып алынган. Ушулардын айынан Кыргызстан 33 пайыз үлүш менен калып кала берген. Ошентип Акаев, Танаевдер ушундай абалга алып келишип, 33 пайызга да жеткирбей сатып жиберишип, 16 пайыз үлүш менен отуруп калганбыз.

Мен соттошуп жүрүп Монголиядагы Боро, Гаструд кенине баргам. Барардан мурда Жогорку Кеңешке кат жазганмын, ал убакта үч партиядан турган Жогорку Кеңеш бар эле. Мен анда Жети-Өгүз районунан 2005-жылы 27-мартта бир мандат менен шайланып келгем. Ошондон тартып Кумтөргө кириштим, тилекке каршы 2007-жылы ал эл өкүлдөрү тарап кеттик.

Ошондо Кумтөргө байланышкан көп иштер бүтпөй калган. Кийин кайра парламентке “Ак жол” партиясы менен келдим. Деген менен Кумтөр маселесинде көп иштерди алып барып, 45 жолу канадалыктар менен соттоштум. Бул маселе боюнча Кыргыз Өкмөтү менен да соттоштум. Экөөсүн утуп, бирөөсүнөн утулдум. Бийлик деген “бийлик” экен, кыйын экен. Ошондо үч партиянын тең жетекчилерине кайрылганмын. Бирден өкүл кошкула “Центерра” менен келишимди ким түзгөн, кимдер тизмеде бар экен? Ал кайсыл кендерди иштетип жатат? Алардын запастары канча? Кен изилдениптирби, аныкталганбы? Ал жерден алтын казылып алыныптырбы? Дагы кандай кендер бар экен? Артында кимдер турат, пайыздар кимге таандык экен – деп.

– Кыргызстандын Кумтөрүн казуунун эсебинен иштетилип жаткан кендерге Кыргыз Өкмөтү “Центтерранын” чоң акционери катары алардан түшкөн пайдага ортоктош болуш керек беле?

– Ооба. Монголияга барганда Боро кенинен 34 тоннадай алтын казылып алынганын билдим. Запасы 42 тоннаны түзөт экен. Гаструд кени иштетиле элек экен. Ушул убакка чейин иштетилбей калды. Монголиянын бийлиги 1 пайыз акциясы болбосо да “алтындын баасы 550 доллардан ашса, анда 70 пайызын Монголия Өкмөтүнө төлөнөт” деп өкмөтү демилгечи болуп, мыйзам кабыл алып, токтом чыгарып коюптур, кен казуунун пайдасы аз экенин байкашып. Ошого байланыштуу пайдасы аз болгон Гаструд кени иштетилбей калат. Гаструд дагы, Боро дагы жеке менчикке өткөн алтын кендери экен.

Менде көп далилдүү маалыматтар бар. Бул ишти изилдөөгө Кыргыз Өкмөтү официалдуу түрдө каражат бербесе да мурун-кийин министр болгондор менен, геолог, финансы министрлиги, парламент менен иштешип, керек болсо операторго чөнтөгүдөн акча төлөп тарттырып жүрдүм. Диск түрүндө да фактылар бар. Ал фактылар боюнча 42 тонна алтын алынып, бирок эмнегедир 42 тыйын дагы Кыргыз мамлекетинин бюджетине түшкөн эмес. Бул жерде эмне үчүн өкмөт маселе койгон жок? Эмне үчүн “Центерра Голддо” отурган эки жетекчи, мүчөсү жана вице-президенти кыргыз жараны болуп туруп, өлкөгө бир тыйын пайда алып келген жок. Бул кимдин чөнтөгүнө түштү?

– Монголияга барган сапарыңыз жемиштүү болдубу ошондо?

– Биз Монголияга – депутаттар, өкмөттөн министрлер, эки чоң адис, тышкы иштер боюнча Жогорку Кеңештин аппаратынын кызматкери болуп барганбыз. Бул туурасында элчилик да билет. Андан мурун Өкмөткө, Жогорку Кеңешке, Тышкы иштер министри аркылуу каттарды жибертип, маалыматтык билдирүү жасаганбыз. Тилекке каршы аны Монгол бийлиги берген жок. Ошондой эле бул маселелерди тыкыр изилдөө керек. Азыркы Өкмөт дагы, азыркы Жогорку Кеңеш дагы маселе көтөрсө болмок.

Монголияга болгон сапарым тууралуу келгенде отчёт бергенмин. Жогорку Кеңеште ал материалдар таратылган. Анын бир нускасы менде бүгүнкү күнгө чейин сакталуу. Ал жерде кенде иштеген кишилер кандай айлык алаары тууралуу да материалдар бар. Алар экологиясына аябай жакшы талаптарды коёт экен. Тоону казса кайра тоодой кылып калыбына келтирип берүү талабын коюшат экен. Бактарды кайра тиктиртет, сууну кайра иштетип, тазалап колдонот экен. Ошондон улам суу меселесин көтөрүп, мыйзам киргизсем өкмөт менен президент каршы чыгып өткөрбөй койгон. Азырга чейин канадалыктар Кумтөр кенин казууда суу пайдалангандыгы үчүн бир тыйын төлөбөй, миллиондогон куб сууну ит бекер колдонуп келишет.

– Сизди өкүндүргөн жагдай?

– Ошентип Боро кенинен 42 тонна алтын алынган дагы 42 тыйыны да Кыргызстандын үлүшүнө келбей калган. Мен ошондо маселеге катуу киришсем, мага каршы чыгышып, сүйлөшүүлөрдөн четтетип салышып, башкача келишимдер түзүлүп кетпедиби. Бирок, ошол 2009-жылдагы келишимден бери 10 жыл өттү. Канча бийлик алмашты, эчак эле келишим түзүп, маселени чечсе болот эле. Андан сырткары Боро кени иштебей калгандан кийин, “Центерра” кыргыз мамлекетине жооп бериши керек болчу. Кыргыз өкмөтү эң жогорку акционерлердин бири, 33 пайыз акциясы бар.

Эми компания дагы акциясын көбөйтүп жатып, азыр биздин үлүш 31 (?) пайызга түшүп калды. Эми анын дагы канчасы сатылганын, бизде канча акция калганын тиешелүү органдар, министрликтер жаап-жашырып кыргыз элине айтпай жатат. Андан сырткары Невададагы Рен кенин иштетүүнү ошол эле Канададан каттоодон өткөн “Центерра” Канаданын “Барик Голд” деген ишканасына сатып жиберген. Анын жакшы эле запасы бар эле. Бирок Боро, Гаструд, Рен үчөөсүн кошкондо да Кыргызстандын Кумтөрүнүн 10 эле пайызын түзмөк. Ошол убакта кол койгон Танаев, Акаевдер буга түздөн-түз жооптуу. Буларды бул маселелер боюнча жоопко тартыш керек.

– Кумтөргө байланыштуу кийинки бийликтегилер кандай аракеттерди жасашты?

– Тилекке каршы Кумтөр маселесинде мурунку бийликти жамандап келишет. 2009-жылдагы келишим эң жакшы келишим болуп эсептелет. Андан соң өзгөртүүлөр киргизилген жок. Бирок, андан кийин бир нече комиссиялар түзүлгөн. Бир комиссияны Садыр Жапаров жетектеди. Геология Агенттиги дагы бул маселе боюнча соттошуп, миллиондорду уткан.

Андан кийин Сапар Исаков башкача келишим түзүп, жыйынтыгы чыкпай калган. Темир Сариев дагы ал боюнча түзүлгөн комиссияны жетектеп, иштин баары саясатка айланды. Бир тыйын дагы мамлекетке пайда түшкөн жок. Жыйынтык чыкпаганынын себеби Кумтөр маселесине кызыкдар кишилер бар. Мисалы Кумтөрдүн эң чоң чыгашасын эл дагы билбейт.

– Анда айтып бериңизчи, эмнеге көп каражат сарпташат?

– Эң көлөмдүү чыгашасы руда ташыган чоң унааларга кетет. Ал унаалар жеке компанияларга өтүп, ошолор руданы ташыйт. Бир суткада миңдеген тонна руда ташылат. Алардын салыгынын эле акчасы кайда кетип жатат?

Андан сырткары көптөгөн социалдык көйгөйлөр да бар. Кыргыздын 62 жараны ошол жерден көз жумду. Ал эми 129 кыргыз жараны майып болду. Алардын үй бүлөсү жетим-жесир калды. Бизге майып, оорулуу мамлекет болуп калуунун кереги жок. Кыргыздын ден-соолугу, келечеги алтындан да кымбат. Ошондуктан, эгер кендер казыла турган болсо эң биринчи маселе мамлекеттин коопсуздугу, элдин ден-соолугу жана экологиялык маселелер коюлушу керек. Эмне үчүн өкмөт рекультивациялык фондду Кыргызстанга алып келген жери жок.

– Ал кандай болгон фонд?

– Лондондо рекультивация фонду бар. Бул өтө маанилүү маселе. Себеби, кен казгандар кетип калса биз аңгек менен таштак, чуңкур жерлерде калабызбы. Ал фондду Кыргызстанга алып келиш керек эле да. Жабык эшик артында калган маселенин дагы бир жылчыгын айтып коёюн. Мисалы “Центерра” бир гана Кумтөрдүн эсебинен жашап жатат. Кумтөрдү иштетүүдөн эсебинде 700 миллиондон ашык доллары турат. Кыргызстандын Өкмөтүнө кийинки стратегиялык келишим менен 70 миллион берип койсо, ошого ыраазы болгону жатышат.

– Азыркы өкмөт “Центеррадан” 150 миллион доллар өндүрүп жатабыз деп кудундап жүрүшөт го?

– Эми аларың деле аман болушсун. Алтын бизде тургандан кийин маселени кабыргасынан коюп сүйлөшүүгө болот эле. Рекультивациялык фондду түзүү керек болчу. Эмне үчүн ошончо жаран өлүп жатса, жүздөгөн жаран оорукчан болуп жатса, бир да иш козголгон жок. Коррупциялык схема Кумтөрдө көп. Кумтөрдүн залалы башка кендерге дагы тийип, Солтон-Сарыда, Андашта, Жер үйдө, Чаткалда, Алайда, Кадамжайда чыр-чатактар болуп жатат. Тоо кен тармагы Кыргызстандын бюджетин толтура турган эң ири тармак болуп саналат. Бул боюнча алигече Улуттук концепция бекиген жок.

Булак: Мезгил ньюс 

 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *