Кубанычбек Кадыров: Булар бүгүнкү бийликке саясий оппонент эмес, баары коррупционерлер!

Мезгил

Абдил Сегизбаевдин, Болот Сүйүнбаевдин жана Индира Жолдубаеванын тапкан байлыгын текшерүү зарыл. Бул тууралуу Жогорку кеӊештин төртүнчү чакырылышынын депутаты Кубанычбек Кадыров билдирди.

Кубанычбек Кадыровдун айтымында  Атамбаевдин орду абакта. Ал командасы менен камакка алынышы керек. Алар бүгүнкү бийликке саясий оппонент эмес, баары коррупционерлер.

– Атамбаев Ниязов, Сегизбаев, Жолдубаева, Сүйүнбаев, Исраилов менен чогуу өзү башында турган кылмыштуу топ түзүп, бүт мамлекетти коррупцияга айлантып, өлкөнү өзүнүн менчигиндей башкарды.

 

Ошондой эле Абдил Сегизбаевдин, Болот Сүйүнбаевдин жана Индира Жолдубаеванын тапкан байлыгын текшерүү зарыл. Анткени алар аз убакыттын аралыгында эле укмуштуудай байлык топтоого жетишкени тууралуу мен 2016-жылы эле айтып чыккам.

 

Ошондуктан Атамбаевдин орду, ал командасы менен, мен айткан фамилиянын баары камакка алынышы керек. Алар бүгүнкү бийликке саясий оппонент эмес, баары коррупционерлер-деди Кубанычбек Кадыров

Мурдагы президенттин учурунда бийликти күч менен басып алууга айыпталып, жакында абактан чыккан саясатчынын айтымында жогоруда аты аталган “Атамбаев жана анын командасынын” топтогон байлыктарын изилдеген коомдук комиссия түзүлөт.

-Жакында болуп өткөн жыйынды курултайдын чечими менен ошого байланыштуу коомдук комиссия түзүлө турган болду. Комиссия ошол жагдайларды иликтеп чыгып, ага укуктук баа берүү үчүн топтолгон материалдарды укук коргоо органдарына тапшырат. Президент жаңы коррупциялык иштер ачыла турганын айткан. Мен анын аягына чыгарына ишенем,-деди  Кубанычбек Кадыров.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *