Мезгил
Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов камакта дагы 1 ай болот. Баш коргоо чарасы узартылганын анын жактоочусу билдирди.
Экс-мэр Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагында 28-октябрга чейин болот.
Эске салсак, Кубанычбек Кулматов коррупцияга айыпталууда.
Ал мэр болуп турганда 2 миллион доллар гранттык акчаны мыйзамсыз сарптаганына күнөөлөнүп, 5-июнда кармалган.
Кийин ага дагы бир кылмыш иши козголгон.
Экинчи иште Кулматов Кыргызстан паспортун мыйзамсыз алганына айыпталууда.
Булак: Мезгил Ньюс