Кудайбердиеваны кызматтан кетирүүгө дагы бир аракет

Мезгил

Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева буга чейинки министрлерден “катасы” менен айырмаланды жана өзгөчөлөндү. Кыргыз-орус жогорку окуу жайларынын ректорлорунун биринчи форумунун трибунасындагы ката коомчулуктун кызуу талкуусуна алынган эле. Бул катачылык үчүн  министрлик 23 жыл билим берүү тармагында эмгектенген Гүлмира Абылкасымова аттуу кызматкерди жумуштан алган. Ал окуядагы  “эки катадан эч нерсе болбойт” деген министрдин сөзү модага айланган.

Мындан көп узабай эле 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө берилген 95 миң аттестатта “н” тамгасынын ордуна “ң” тамгасы ката жазылганын жана Нарын облусунун Туз айылынын бүтүрүүчүлөрүнүн аттестатында «реднюю» сөзү кайталанып жазылып калган. Бул кырдаалдан да Кудайбердиева суудан кургак чыгып, басмаканалар күнөөлүү болуп чыга келген.

Каталар туурасында арбын сындар айтылганына карабай, Кудайбердиева “айта бергиле, мен өз билгенимди жасайм” дегендей кебелип да койбойт. Ал эми коомчулук социалдык тармактарда күнү куру эмес ачуу сындарды айтып келишет. Алтургай Жогорку Кеңештин айрым депутаттары да жыйында ачык эле Кудайбердиеванын кызматтан кетүү талабын коюшат. Ага карабай Кубайбердиеванын кылы кыйшайбайт, ишенген кудайы бар сыяктуу.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Евгения Строкова Кудайбердиеваны кызматтан кетирүү үчүн түзүлгөн петицияга кол топтоого чакырууда. Билим берүү министрин жөн гана кызматтан алып койбостон, иштерин дыкат текшерсе баш аламандыктары ачыкка чыгаарын кошумчалайт. Учурда интернетте Гүлмира Кудайбердиеваны кызматтан кетирүүгө онлайн кол топтоо жүрүүдө. Петицияга кол койгондордун саны 500дөн ашкан. Парламенттин жыйынында алы жетпеген депутаттын бул аракетин кетпес канайым Кудайбердиева мыскылдап койсо керек, колуңардан эмне келет дегенчеклик…

Эске салсак, Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева мектеп китептериндеги жана башка каталары боюнча көп сынга кабылып келет.

Мезгил Ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *