Кудалардын күнү туулду

Мезгил

Президенттин кудасы жана Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин бир тууганы Ыктыярбек Абжалиев «Альфа Телеком» ЖАКтын логистика бөлүмүнүн жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу   аталган  компаниядан билдиришти.

Маалым болгондой,  Ыктыяр Абжалиев  тандоо турдан ийгиликтүү өткөн.

 Ал Бажы кызматынын полковниги.  

 Ыктыяр Абжалиев  Сооронбай Жээнбековдун кудасы Алиярбек Абжалиевдин агасы.

   Ыктыярбек Абжалиев 1965-жылы 15-ноябрда Ош шаарында туулган. Өкмөттүн алдындагы Бажы кызматында иштеген. 2011-жылдары Баткенде бажы бөлүмүнүн башчысы болгон. Кесиби боюнча экономист.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *