Кулматовдун жубайы Жамиля Кулматова күйөөсүнө тагылган айыптарды “абсурд” деп атады

Мезгил. 

УКМКнын абагында жаткан экс-мэр Кубанычбек Кулматовду жубайы менен жолугуштурбай жатканын адвокаты Сергей Слесарев бир нече жолу айткан. Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина да пленардык жыйында көтөргөн.

УКМК өз кезегинде Кулматовдун жубайы  экенин айгинелеген эч кандай документ көрсөтпөгөнүн билдирген. Ага жооп кылып Жамиля Кулматова маалымат каражаттарына жолдошу менен жолугушуу үчүн жети жолу уруксат сураганын айтып берди.

“УКМКнын жетекчиси Идрис Кадыркуловго жолдошум менен жолугушууга уруксат берүүсүн өтүнүп жети жолу кайрылдым. Маалымат каражаттарынан УКМКнын күйөөм менен бир үй-бүлө экенибизди далилдеген  документ көрсөтпөдү деген  билдирүүсүн окудум. Андай документти талап кылышкан эмес. Бизде нике күбөлүгүбүз бар”, – деп билдирди Жамиля Кулматова.

Ошондой эле, ал экс-мэрге тагылып жаткан айыптарды “абсурд” деп атады. Ал эми аны жарандыктан ажыратуу аракетин “акылга сыйбаган жорук”, – деп белгиледи.

 

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *