Кумтөр – биз уттукпу, же утулдукпу? Өкмөт экологияны тепсей турган болдубу?

 

Мезгил

   2009-жылы президент Курманбек Бакиевдин учурунда Кыргыз Өкмөтүнүн «Центерра голд инк.» компаниясындагы үлүшү 33% болгон. 2010-жылы жаңы бийлик келген учурда Кумтөр кенин улутташтыруу, же 50/50 үлүшүндө башкаруу боюнча талаш-тартыш маселелер күч алган.

Өкмөттүн компанияга карата экологиялык чоң доосу

Мунун натыйжасында 2012-2013-жылдарда Кыргызстандын Экологиялык-техникалык инспекциясы Кумтөр кенин иштетүүчүлөргө карата бир нече маселе боюнча талап коюп, сотко кайрылат. Алар:

1) Кенден чыккан калдыктар муз үстүнө ташталган;

2) Жер катмары бузулган;

3) Эсепке алынбаган заттар калдык сактоочу жайларга төгүлгөн;

4) Суу үчүн акы төлөнгөн эмес – деген дооматтар болгон.

2016-жылы Бишкек район аралык соту Кыргыз Өкмөтүнүн «Центеррага» болгон 100 миллион доллардык доо арызын канааттандырган чечим чыгарган. Ал эми компания 2016-жылы 30-майда Кыргыз Өкмөтүнүн аракеттерин негизсиз деп баалап, Гаагадагы Эл аралык арбитраждык сотко кайрылган.

Талаш маселе созула берет. Кумтөр кенин улутташтырабыз, же 50/50 үлүшүндө башкарууга алабыз, Кыргызстандын «Центтерра голддогу» үлүшүн жогорулатабыз деген маселелерди көтөрүп келген ЖК депутаттарынын арасында талаш күч алат. «Ата Мекен», КСДП сыяктуу партиялардын депутаттары айткан сөздөрүн ишке ашыра алышпайт. Ал эми маселени кабыргасынан коюп келген «Ата Журт» партиясынын лидерлерине бийлик тараптан куугунтуктоо, камоо иштери күч алат.

Сапар Исаков түзгөн стратегиялык келишим экологияны тепсеген

Учурду жаш өкмөт башчысы Сапар Исаков илгиртпей илип кетет, абалды өз колуна алат. 2017-жыл 11-сентябрда Сапар Исаковдун өкмөтү «Центерра голд инк.» менен «Айлана чөйрөнү коргоо жана инвестицияны өнүктүрүү» деп аталган стратегиялык келишимге кол коёт. Ал учурда эки тарап бир келишимге келип, Кыргыз Өкмөтү экологиялык доодон баш тартаары белгилүү болгон. Исаковдук келишимде 2009-жылдагы келишим, б.а. 33% үлүш күчүндө калтырылган. «Центерра голддун» кызматкерлерине коюлган чектөөлөр алынып, финансылык операцияларды улантууга жол берилген. Ошол эле учурда компания «Айлана-чөйрөнү коргоо фондун» түзүүгө бир жолу 50 миллион доллар которуу тууралуу билдирген. Ал эми «Онкологиялык кызматты өнүктүрүү фондуна» 7 миллион доллар бөлүп, келишим күчүнө киргенден кийин жылына 3 миллион доллар бөлө турган болгон. Жаңы түзүлө турган «Жаратылышты өнүктүрүү фондуна» жыл сайын 2,7 миллион бөлүнө турган болгон.

Мухаммедкалый Абылгазиевден Исаковдук келишимге киргизилген кошумчалар

Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөт башчы болуп келген соң бул келишим өлкө кызыкчылыгына жооп бербейт деп баалап, жаңы сүйлөшүүлөрдү жүргүзө баштаган. Сүйлөшүүлөр улам созулуп келе берген. Эми ошол келишимдин биринчи этабы ишке ашканы турганын Абылгазиев өзү жарыялап олтурат. Анда стратегиялык келишимдерден сырткары жаңы түзүлгөн «Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фондуна» 2 ирет 5 миллиондон которула турган болгон. Которуулар этабы менен 12 айдан кийин ишке ашырылат. Ошондой эле бул фондго «Кумтөр голддун» дүң кирешесинен 0,4 % барабар болгон ай сайын төлөөлөр болуп тура тургандыгы каралган. «Жаратылышты өнүктүрүү фондуна» жыл сайын 1 миллион доллар берип туруу да каралган.

Жалпысынан азыркы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин тушунда стратегиялык келишим боюнча өкмөткө 150 миллион доллар каражат которула турган болду.

Ал эми учурда күчүнө кирген документтин башы 2017-жылдын 11-сентябрында кабыл алынып, алгач 2026-жылга чейин 87 миллион доллар бермей болушкан. Көпкө созулган сүйлошүүлөрдөн кийин сумма 150 миллионго жеткирилген. Ал эми үстүбүздөгү жылда «Онкологияны өнүктүрүү фондуна» чегерилүүчү 7 миллионду кошкондо жалпысынан 77 миллион доллар быйыл өкмөттүн казынасына которула турган болду.

Келишимдин «орулуу жери»

Стратегиялык келишимдин эң негизи Кыргыз Өкмөтү «Центерра голдго» коюлган дооматтардан баш тартуу керек болгон. Ал эми жогоруда Абылгазиев айткандар 2019-жылдын 19-октябрына чейин ишке ашырылып, ал Сапар Исаков баштаган сүйлөшүүнүн экинчи этабы болуп саналат.

Кумтөр кени өлкөнүн ИДПсынын 9 пайызга жакын көлөмүн берип келет. Жалпы өнөр жай өндүрүшүнүн 18% камтыйт. Өткөн жылда 16 тоннадай алтын өндүргөнүн, анан бир унция алтындын дүйнөлүк баасы 1,5 миң доллардан ашуун деп санаганда бир жылда 800 млн доллардык киреше алынган десе болот. «Кумтөр голд компани» былтыр бюджетке жалпысынан 135 млн доллар которгон.

2019-жылы 9,37 тонна алтын өндүрүп, 4.22 миллиард сомду ар кандай чегерүүлөр жана салык катары төккөн. Жалпысынан Кумтөрдө 396 тонна алтын кору бар деп эсептелинген. 2007-2018-жылдар аралыгында 345 тоннадай алтын өндүрүлгөн.

Чыры бүтпөгөн келишимдер. «Центерра» ишин улантабы?

2009-жылдагы келишим боюнча Кыргыз Өкмөтүнүн «Центерра голддогу» үлүшү 33% түзүп турган. 2014-жылы келише албай жаткан убакта ишкана Түндүк Америкадагы жаңы кенди сатып алуу үчүн кошумча эмиссияларды чыгарган. Муну менен кыргыз тараптын үлүшү 26,5% түшүп кеткен. Кен казуу 2026-жылга барып токтой турган болгон. Бирок канадалык компания алдыңкы 2 жылда чалгындоо иштерине 16 миллион доллар жумшаганы жатат. Чалгындоо жүргүзүлө турган аймак көрсөтүлгөн эмес.

Аягында. Биз уттукпу, же утулдукпу? Өкмөттөр экодоону биротоло тепсеп салдыбы?

 * Экотех инспекция «Центтерраны» экология маселеси боюнча сотко берип 100 миллион доллардык доого жыккан. Мындан башка да соттук териштирүүлөр болгон. Исаковдук жана Абылгазиевдик өкмөттөр стратегиялык келишим аркылуу 100 миллион доллардан баш тартып, экологияны тепсей берсеңер болот деген келишимге жол ачты.

* Депутаттар Кумтөрдү улутташтыра алган эмес, Кыргызстандын үлүшүн да жогорулата алган эмес. Ал тургай «Ата Журт» партиясынын лидерлерине куугунтук болгондугу бул жерде «Центерранын» кызыкчылыгын бийликтегилер коргоп келгендигине далил боло алат.

* Сапар Исаков түзгөн 2017-жылдын 11-сентябрында кол коюлган стратегиялык келишимде 2026-жылга чейин 87 миллион доллар алынмай болгон. Эми Экотех инспекция соттон жеңип алган 100 миллион доллардан, Кыргызстандын «Центеррадагы» үлүшүн көбөйтүүдөн баш тартып туруп, 87 миллион долларга макул болгонунда мандем жатат.

* Мухаммедкалый Абылгазиев канткен күндө да стратегиялык келишим боюнча сүйлөшүүлөрдү кайрадан чакырганы туура болгон. Ал кишинин мындан башка айласы деле калган эмес. Бул жерде анын 87 миллиондун ордуна 150 миллион доолаганы аз да болсо ийгилик деп айтуу керек. Бирок бул, биз экологиялык доодон баш тарттык, компаниядагы үлүшүбүздү жогорулата албадык дегенге жатат. Кумтөр 2026-жылы казылып бүтө тургандыгын эске алганда бул эки маселе жакын ортодо кайрадан көтөрүлбөй турган болуп чечилди десек болот.

* Ошентип башында ээрге кыйшык олтурган, «Центерранын» жана кимдир бирөөлөрдүн жеке кызыкчылыгы үчүн ыңгайлуу түзүлгөн келишимди акыркы 2 Өкмөт башчы биротоло бекемдеп берди. Биринчиси буга чейин көтөрүлүп келген кызыкчылыктарыбызды биротоло тепсеп салса, экинчи өкмөт аны колдоп, бир аз көбүрөөк каражат өндүрүп алуу менен келишимди биротоло бекемдеп берди. Ошентип Кумтөр деген «баш ооруу» маселе биротоло көмүлдү.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *