Курбанбай Искандаров: Ал жер эч качан Тажикстанга караган эмес

Мезгил

Кыргыз өкмөтүнүн чек араларды тактоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Курбанбай Искандаров: Алар өзүм билемдик менен бери көздөй чыгып кетип, ал жаңы айылды «Тожикон» деп атап алышкан

 -“1924-1927-жылдардагы эл аралык мааниде таанылган документке ылайык, кыргыз тарап азыр жол салып жаткан жер Тажикстандын аймагы деп саналат” – деди тажик аткаминери. 14-мартта Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара башкармалыгынын басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө “Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык” жолунун курулушу өкмөттөр аралык эки тараптуу келишимди бузуу менен башталган” деп айтылат. Айтсаӊыз чын эле чыр чыккан аймак коӊшу мамлекетке таандыкбы?

– Көк-Таш – Аксай – Тамдык жолу салынып жаткан тилке Кыргызстанга караштуу деп так кесе айтсак болот.  Биздин жолчулар жол салып жаткан аймак талаштуу чек ара тилкелерине кирбейт. Анткени СССР таркагандан кийин түзүлгөн эки тараптуу келишимдер боюнча ошол кездеги чек ара сызыктары өзгөрүүсүз калып, мамлекеттик чек ара катары таанылган. Ага биздин президенттер кол коюп, эки тараптын парламенттери бекиткен. Эки тараптуу чек ара делимитациясы бүтө элек.

Ошондуктан эл аралык укуктук ченемдер боюнча да кыргыз тарап өзүнүн аймагы катары ал жерде жол курулушун жүргүзүүгө толук укуктуу. Ошол СССР учурунда бекитилген чек ара сызыгына ылайык, азыр жол салынып жаткан жер тилкелери Кыргызстандын аймагы. Ал жер эч качан Тажикстанга караган эмес. Аны талаштуу чек ара тилкеси деп атоо туура эмес.

-Аталган жолдун курулушуна Ворух анклавына жакын Тожикон жаңы конушунун тургундары каршы чыгышты. Айтсаӊыз бул жаңы конуш, качан, кандайча пайда болгон?

-Тожикон деген биздин Ак-Сай аймагы менен Ворух тажик анклавына жакын жайгашкан жер. Бул ошо биз жол салып жаткан тилкенин башына тажиктер өз алдынча үй салып, чыгып алган аймак. Алар өзүм билемдик менен бери көздөй чыгып кетип, ал жаңы айылды «Тожикон» деп атап алышкан.

Анын жогору жагында биз тажик анклавын айланып өтүүчү жол салып жатканбыз. Анан дагы ал аймакта биздин Таш-Тумшук деген айыл бар. Биз буга чейин ал тилкелерди өз ара алмашуу жолу менен болсо да чек ара маселесин жөнгө салып, чыр-чатактарды азайтуу жагын талкуулап жатканбыз.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *