Курман айтты туура өткөрүүнүн жолдору

 Мезгил

Курман айт майрамында колдон келсе курмандык чалып, мал союу шарт.

 Курмандыкка жарай турган малдар кайсылар?

Курман айт күнү курмандыкка эркек, ургаачысына карабай төө, уй, кочкор, кой, теке, эчки сойсо болот.  Ал эми курмандык чалуу үчүн союла турган мал шариат чектеген жашта болушу керек. Мисалы төө беш жашта, уй эки жашта, эчки бир жашта кой 0,5 жашка толгон болушу шарт. Кой эчки курмандыкка бир адамдын атынан гана союлат. Ал эми бодо малды бир же бир нече кишинин атынан да союуга болот.

Ошондой эле, союлчу малдын кемчилиги болбоосу зарыл. Мисалы: көзү кыйшайып жакшы көрө албаганы билинип турган мал, ооруганы ачык билинип турган оорулуу мал, аксаңдап басканы билинип турган аксак мал, сөөгү көрүнүп турган өтө арык малды союуга болбойт. Курмандык чалуунун шарият тарабынан бекитилген өз убактысы бар.  Ал Айт намаздан кийин башталып, Зуль-Хижжанын он үчү күн батышы менен аяктайт. Күндүзү же түндө союга болот, күндүзү абзел. Эң абзели Айт намаздан кийин дароо союлганы.

Курмандык малын мууздоо шарттары жана адептери:

Малды мууздачу киши мусулман акылы бар, эстүү болуусу кажет. Алгач  курмандык чалууга ниет кылып  жана “биссмиллах” деп айтып, курч нерсе менен союп муздап алгач  малдын канын чыгаруусу керек. Жандыкты мууздаганда анын кокосу жана кекиртегин, күрө тамары менен кошо кесүү зарыл.

Курмандыкка союлган малдын этин эмне кылуу керек? 

Курмандыкка союлган малдын этин өзүнө бир аз калтырып калганын муктаж болгон адамдарга  таратып жиберсе жакшы. Бирок этти үчкө бөлүп, бир бөлүгүн өзүнө, экинчи бөлүгүн кедей-муктаждарга жана үчүнчү бөлүгүн конок чакырып аларга бышырып берсе деле болот. Курмандыкка союлган малдын этин сатууга болбойт.

 

Булак: Мезгил ньюс

 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *