Курманбек Бакиев Аскар Акаевге көңүл айтты

    Мезгил

Кыргызстандын мурунку президенти Курманбек Бакиев Аскар Акаевге көңүл айтып, кайгысы менен тең бөлүштү. Бул туурасында журналист Аскат Тейит билдирди.

“Аскар Акаевичке уулу Айдардын дүйнөдөн мезгилсиз өткөндүгүнө байланыштуу үй-бүлөсү менен жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм.
Аскар Акаевич, Майрам Дүйшөновна, сабыр тилейм. Айдардын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун. Жараткан жар болуп, жанын жанатта кылсын! Терең кайгыруу менен, Бакиев Курманбек Салиевич”,-деп айтылган кайрылууда.

Белгилей кетсек, кечээ 5-февралда 44 жаштагы Айдар Акаевтин жүрөгү токтоп калып, каза болду.

Айдар Акаев Москвада жеке ишкерлик менен алектенип келген.  Ал Чокубаев киноматографистердин үй-бүлөсүнүн кызы Сайкалга үйлөнгөн. Алардын эки баласы бар. Анын сөөгү 8-февраль күнү Москвада жерге берилет.

Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *