Курманбек Дыйканбаев: Бул көрсөткүчтү Р.Матраимов бир айдын ичинде 480 миллион сомго чейин көтөрө алган

Мезгил

Курманбек Сапарович,  Райымбек Матраимов учурда мамлекеттик кызматта, бажы тармагында иштебейт. Ага жөнөкөй жаран катары  кандай баа берет элеңиз?

-Ал бажы тармагында катардагы кызматкер, кенже инспектор болуп эмгек жолун баштаган. Райымбек Матраимов  жетекчилик даражага билими жана талыкпаган эмгекчилдигинин акыбети менен жетти. Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгон 26 жыл ичинде кыргыз бажысын кимдер гана жетектебеди. Асмандан түшүрүлгөн «парашютисттер» жөнүндө айтпай эле коёлу. Бирок  бир нерсени баса белгилеп айткым келет.

Райымбек Матраимов Түштүк бажысын жетектеп турган убакта алгачкы бир айлык план 28 миллион сом болсо, Райымбек Матраимов бир айдын ичинде бул көрсөткүчтү 480 миллион сомго чейин көтөрө алган. Бул факт. Мунун себеби эмнеде?

Бул – иштин көзүн билгендик жана уюштуруучулук сапатка ээ болгондуктун найтыйжасы. Адам катары ал жоомарт жана мекенчил. Жаштарга, спортсмендерге, студенттерге колдон келген жардамын аябай берип келет. Мен ишенем, кудай буйруса  Райымбек Матраимов элине жана мекенине дагы далай кызмат кылат.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *