Тарых тактасында: Курманжан датканын көз жашы, өмүрүнүн аягы

Мезгил

Курманжан датканын кылым карыткан өмүрүн шаан-шөөкөттөр менен бирге оор жоготуулар, кайгы-капа такай коштоп жүргөн. Жамандык учурундагы көчмөн элге ылайык адаттан тыш көтөрүмдүүлүгү айланасындагыларды таң калтырган. Жакшылыкка да жамандыкка да бирдей караган. Жакшылыкка көппөгөн, жамандыкта чөкпөгөн өзгөчө сабырдуулугу менен айырмаланган.

 Алгач Алымбегинен ажырап, балдары жетим, өзү жесир калды. Канчалык кайгырып жоктосо да ал чөкпөдү, кайра чыңалды. Алымбек датканын бүтүндөй түйшүгүн, эл алдындагы жоопкерчилигин өзүнө алды. Өмүрүнүн аягына чейин ал милдетти айныксыз аткарды.

Андан көп өтпөй Ташкент шаарынын алдындагы согушта (1865-ж.) Жаркынбайы курман болду. Анын аза кайгысын тартты. Уулдары ар убак эркиндик үчүн күрөштөрдө эл башында туруп, кыл чайнашкан катаал окуяларда алдыңкы катарда жүрүштү. Эне катары ал балдарынын амандыгын алыста жатып тилеп келди. Жаман кабар келбесин деп жүрөгү сыздап, жүлүнү бошоду.

1876-жылы эл-жерин баскынчылардан коргоодо Абдылдабеги баш болгон уул-неберелери Ата-Журтунан алыска кетип, ал жерден Абдылдабеги каза болуп кайтпай калды. Тун уулунун оор кайгысын тартты. Мал-мүлкүн, ээлеген жерин падышалык өкүмзарлар тартып алышты. Ага муюбады.

Курманжан датканын эл арасындагы кадыр-баркын төмөндөтүү максатында 1893-жылдагы төрт бакылоочунун өлүмүн шылтоолоп, күнөөсүн далилдебей туруп падышалык админстрация 1895-жылы эң кенже сүймөнчүк уулу Камчыбегин энесинин көз алдында даргага асты.

Уулдарынын бардыгын болуштук кызматтан четтетти. Уулу Асанбекти, неберелери Мырзапаяс, Арсланбекти Иркут губерниясына сүргүнгө айдатты. Бул кайгылуу окуялар Курманжан датка үчүн өтө оор тийген. Бирок алардын бардыгын көтөрүүгө мажбур болду. Камчыбегинен бир жыл өтпөй 1896-жылы уулу Баатырбегинин сөөгү жерге коюлду. Эне үчүн балдарынын өлүмүнөн оор бул дүйнөдө эч нерсе жоктур. Курманжан датканын көз алдында жалгыз баласы эмес, төрт баласы (Жаркынбайы менен), өмүрлүк жолдошу көз жумуп отурбайбы, каран күндүкү!

Анын өмүр баянын алгачкы жолу кеңири изилдөөгө алган И. П. Ювачевдин жазганы боюнча Курманжан датканын урпактарынын саны көзү тирүүсүндө 183 адамга жетип, алардын 85и анын көз алдында каза болуп, кошок айтып түбөлүк жайына узаткан. Мына ушундай кайгы-капалуу турмушту башынан кечирген Курманжан датка өзү 1907-жылы 1-февралда 96 жашында дүйнөдөн көзү өткөн.

И. П. Ювачев 1907-жылы Ошко келгенде Курманжан датканын урпактарынан 98 адам (эки уулу, эки кызы, 31 небереси, 57 чөбөрөсү, 6 кыбырасы) жашаарын жазган. Совет доорунда Курманжан датканын бүтүндөй урпактары куугунтукталып, көптөгөн запкыларды баштарынан кечиришти. Алар датканын урпактарыбыз деп айткандан чоочулашып, энеси тууралуу эл алдында оозана алышчу эмес. Эркиндиктин жыргалын алар 90-жылдардан кийин гана билишти.

Ошентип, Курманжан датканын башынан канчалык шаңдуу, кайгылуу окуялар өтпөсүн, ал баарын: жакшылыкты да, жамандыкты да көтөрө билген. Анын мындай чыдамкайлыгы, кайраттуулугу көпчүлүктү таң калтырткан, душмандарын алдастаткан. Жыйынтыктап айтканда, Курманжан датка ХIХ кылымда аялзатынын арасынан суурулуп чыккан теңдеши жок зор инсан. Анын кылым карыткан өрнөктүү өмүрү, аткарган иштери, аялзатында чанда кездешүүчү касиеттери келечек муун үчүн унутулгус сабак, өчпөс шам чырак.

Автор: Кыяс Молдокасымов – тарых илимдеринин кандидаты, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер

Булак: Мезгил Ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *