Курсан Асанов 13-октябрга чейин үй камагына алынды

Мезгил

Кечээ, 27-августта Биринчи Май райондук сотунда Курсан Асановдун баш коргоо чарасы тандалып, 13-октябрга чейин үй камагына алынды. Ал сотко жактоочулары Икрамидин Айткулов жана Чынара Жакупбекова менен келди.

Ошондой эле коюлган күнөөлөргө макул эместигин, баары мыйзам чегинде болушу керетигин билдирди ИИМдин мурдагы орун басары.

– Өзүм укук коргоо органында ишитегендиктен, мыйзамга ишенем, баары мыйзам чегинде болушу керек. Ал эми ИИМ жетекчиси Кашакар Жунушалиевдин кысымыбы? деген суроолордун баарына убакыт келгенде жооп берем. Убакыт сааты келет, бул тууралуу сөзсүз ачыкталат – деп билдирди Асанов.

Эске салсак, 7-августта мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында Атамбаевдин тарапташтары менен атайын кызматтын аскерлери ортосунда кагылышуу болуп ок атылган. Натыйжада атайын кызматтын бир жоокери каза таап, 136 киши жаракат алган. Эртеси, 8-август күнү ошол кездеги ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Атамбаев багынып берген.

Бул сүйлөшүүлөрдөн кийин 13-августта “кыргыз милициясына чыккынчылык кылды, ишеничтен кетти” деген негиз менен кызматта четтетилген. Ал эми Курсан Асанов өз кезегинде мамлекеттин, өзүнүн ар-намысы алдында таза экенин билдирген.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *