Курсан Асанов айыптуубу же айыптуу эмеспи?

Мезгил

2010-жылы Ош окуясында жылдызы жанып, элдин уулу аталган, Өзбекстан тараптан Кудайбердиевдин жоочу тобу бастырып кирет экен дегенге карабастан, милиция кызматкерлерине дем берип, брон желек кийбей түн күзөтүп турган Курсан Асанов бул ирет эмнеден жазды?

Ага коюлган айыптар:

1) ИИМ: милициянын кызыкчылыгын саткандыгы жана ага карата ишенимдин жок болгондугу аныкталгандыгы үчүн премьер-министрге жумуштан алуу боюнча сунуш жиберилген;

2) Поркуратура ага карата «Кызмат абалынан пайдалануу» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон;

3) Социалдык тармактардагы айыптоолор: Атамбаевге ИИМдин жасай турган иштери боюнча маалымат жеткирип турган. Экс-президенттин үйүнөн кымбат баалуу буюмдар, акча, документтер салынган баштыкты алып кеткен. Кийин бул баштык ИИМге келгенде Кундуз Жолдубаеванын колунда болуп калган. Учурда ИИМ Кундуз Жолдубаеванын үйүнөн ал баштыкты издеп, тинтүүгө алган.

ИИМдин версиясы боюнча Кашкар Жунушалиев Атамбаев менен 2 жолу сүлөшүү жүргүзгөн. Атамбаевге кан төгүүлөр болбосун, багынып бер деген сунуш айтылып 10 мүнөт убакыт берилет. Атамбаевдин жанында жан сакчы, Кундуз Жолдубаева жана бир киши болгон. Кундуз «Биз багынбайбыз» дегенде Жунушалиев ойлонууга 3 мүнөт берип, болбосо чабуул коюларын экертет. Атамбаев макул болуп, чыгууга камынып калганда Курсан Асанов сырттан кирип келет.

Анын бул жоругун өзүнө тапшырылган сырттагы кызматты ээн таштап, телефонун кызматкерге берип тарттырганы пияр жасоо менен алектенгендик деп айыптайт ИИМ. Албетте Курсан Асанов бул айыптоолорду четке кагып, өзү жөнүндө маалымат кийинчерек ачыкка чыгарын билдирди. Кундуз Жолдубаева да Асанов бизге эч кандай маалымат берген эмес деди.

Эске сала кетсек Курсан Асанов 7-августта да Кой-Ташка барып Атамбаев менен сүлөшүүлөрдү уюштурган. Ал учурда күч органдарынын атынан сүйлөшүү тапшырмасы Асановго берилди беле же жокбу, бул тууралуу ИИМ айткан жок. Ал эми 8-августта министрдин орун басары болуп 9 жыл иштеген Асановдун өзүм билемдикке салып, ага ишенип, табышталган сырттагы кызматкерлерди кароосуз калтырып коюп, өз башынча Атамбаев менен сүйлөшүү уюштурганы кылмышпы? Же биринчи киши, министр Кашкар Жунушалиев экөөсүнүн ич ара тирешүүсүбү? Ийгиликтүү операциядан кийин бериле турган төш белги, же ийинге тагылуучу даража талашпы? Аскердик прокуратуранын кылмыш ишин козгогондугу чындыкка жакынбы? Атамбаевди Бишкекке алып келүү учурунда жоголгон сырдуу баштыкта зарыл документтер, акча, баалуу буюмдар болуп, ал Асановдун колунда калганы чындыкпы? Курсан Асанов чын эле ИИМдин иштерин Атамбаевге сатып турдубу? Бул кызматы үчүн акча алганбы, же бул курулай жалаабы? Атамбаевдин үйүндөгү куралдарды соттук-медициналык кызматкерлерге алдырууда (изъятие) өзүм билемдикке салып, куралдарды кармоо аркылуу андагы кол издерин (отпечатки пальцев) акыл эстүүлүк менен, атайлап өчүрүп салганбы?

Албетте бул иштерге алдын ала мындай болот, тигиндей болот деп белимчилик кылгандын өзү туура эмес. Неси болсо да тергөөнүн жыйынтыгын күтө туралы.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *