Курсан Асановдун айдоочу-жан сакчысы 23-октябрга чейин камакка алынды 

Мезгил

Бишкектин Биринчи Май райондук соту ИИМдин мурунку орун басары Курсан Асановдун айдоочу-жансакчысы Дамирбек Пайзылла уулунун баш коргоо чарасы тандалып, соттун чечими менен 23-октябрга чейин камакка калтырылды.

Белгилей кетсек, 7-8-август күндөрү мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында  милициянын кызыкчылыгын саткандыгы жана ага карата ишенимдин жок болгондугу аныкталгандыгы үчүн, ИИМдин орун басарлык кызматынан Курсан Асанов 13-августта премьер-министрдин буйругу менен кызматтан бошотулган. Ал эми 23-августта анын айдоочу- жан сакчысы Дамирбек Пайзылла уулу кармалган.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *